Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:31

Кыска тасмалардын фестивалына Кыргызстандан 11 фильм катышат


“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын мекени” эл аралык кинофестивалында быйыл он үч мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фестивалдын уюштуруучуларынын бири Чолпон Идирисова билдирди.

Сынакка 200 режиссердун эмгеги сунушталып, 23ү тандап алынган. Анын он үчү эл аралык, ону улуттук тасмалар багытында көрсөтүлөт. Эл аралык багытка кыргызстандык Наргиза Маматкулованын “Зефир” фильми да кирди.

Фестиваль 12-15-декабрь күндөрү Бишкектеги “Манас” кинотеатрында өтөт. Анда Орусия, Украина, Беларус, Молдова, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан жана башка мамлекеттердин кинолору тартууланат.

Латвия менен Эстониянын режиссерлору анимациялык тасма менен катышат. (SE)

XS
SM
MD
LG