Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

Киевде оппозиция лидерлери өкмөттүн отурумуна кире албай калышты


Украинада демонстранттардын талаптарын өкмөт мүчөлөрүнө берүүнү каалаган оппозиция лидерлери Арсений Яценюк, Олег Тягнибок жана Виталий Кличко өкмөт отурумуна кире алышкан жок. Кличко акциянын катышуучуларына өкмөт үйүнө бардык жолдор тосулганын кабарлады.

27-ноябрда Киевде Евробиримдик менен интеграцияны жактагандардын акциясы уланды. Пикеттин катышуучулары Украинанын Еврошаркет менен Ассоциациялык келишимге кол коюшун жана министрлер кабинетинин кетишин талап кылып жатышат. 25-26-ноябрь күндөрү акциянын катышуучулары милиция менен кагылышкан.

27-ноябрда Киевде Евробиримдик менен жакындашуу идеясынын тарапкерлеринин эки ар башка акциялары бирикти. Түрмөдө отурган мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко акциянын катышуучуларын Киевдеги борбордук Майдан аянтында партиялардын желектери жана ураандарсыз биригүүгө үндөдү.

Президент Виктор Янукович кечээ телеканалдарга курган маегинде Киев Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге эки тарап нормалдуу шарттар тууралуу мунасага келгенде жана Украина экономикалык жактан бул кадамга даяр болгондо кол коёт деп билдирди.

Демонстрациялар 21-ноябрда Киевде жана Украинанын башка шаарларында өкмөт Еврошаркет менен Ассоциациялык келишимди даярдоону токтотуп салган соң башталган жана уланып келатат. Кечээ демонстранттарга студенттер кошулду.

Ал эми парламенттин кезексиз жыйынга 27-ноябрда чакырылышын Евробиримдик менен интеграцияны жактаган оппозициялык фракциялар талап кылып жатышат. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG