Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

“Кыргызгазды” сатуу келишими биринчи окууда ратификацияланды


Жогорку Кеңеш "Кыргызгаз" мамлекеттик ишканасын “Газпромго” сатуу боюнча келишимди биринчи окууда ратификациялады. Ага депутаттардын 65и макул, 15и каршы добуш берди.

Талкуу учурунда Равшан Жээнбеков бул келишимге толугу менен каршы экенин, Исмаил Исаков, Өмүрбек Абдырахманов, Бөдөш Мамырова документте Кыргызстандын кызыкчылыгы толук каралбай калганын айтышты.

“Кыргызгазды” карызы менен шарттуу түрдө 1 долларга Орусиянын “Газпром” ишканасына сатуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге быйыл июлда Москвада кол коюлган. Ага ылайык, “Кыргызгаздын” бардык активдери жаңыдан түзүлгөн “Кыргызгазпромго” өтөт. “Газпромго” таандык жаңы ишкана Кыргызстанда катталып, жергиликтүү мыйзамдар менен иштейт.

"Кыргызгаздын" жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин айтымында, эгер ишкана сатылса, "Газпром" Кыргызстанга 5 жыл ичинде 640 миллион доллар инвестиция салат. (SE\AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG