Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Украинада студенттер Януковичке кат жолдошту


27-ноябрда Киевде Евробиримдик менен ассоциацияны жактагандардын акциясы уланды. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Киевдин борбордук аянтында шаршемби күнү кечинде эки жарым миңдей адам калган.

Башка маалыматтар боюнча борбордук аянттагы нааразылык акцияга беш миңдей адам катышты. 26-ноябрда демонстранттарга студенттер кошулду. 27-ноябрь кечке жуук алар Украинанын президенти Виктор Януковичке Украинанын Еврошаркет менен Ассоциациялык келишимге кол коюшун талап кылган катты жолдошту.

Пикеттин катышуучулары Украинанын Еврошаркет менен Ассоциациялык келишимге кол коюшун жана министрлер кабинетинин отставкага кетишин талап кылып жатышат. 25-26-ноябрь күндөрү акциянын катышуучулары милиция менен кагылышкан.

27-ноябрда Киевде Евробиримдик менен жакындашуу идеясынын тарапкерлеринин эки ар башка акциялары бирикти. Түрмөдө отурган мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко акциянын катышуучуларын Киевдеги борбордук Майдан аянтында партиялардын желектери жана ураандарсыз биригүүгө үндөдү.

Президент Виктор Янукович 26-ноябрда телеканалдарга курган маегинде Киев Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге эки тарап нормалдуу шарттар тууралуу мунасага келгенде жана Украина экономикалык жактан бул кадамга даяр болгондо кол коёт деп билдирди.

Демонстрациялар 21-ноябрда Киевде жана Украинанын башка шаарларында өкмөт Еврошаркет менен Ассоциациялык келишимди даярдоону токтотуп салган соң башталган жана уланып келатат.

Ал эми парламенттин 27-ноябрда кезексиз чакырылышын Евробиримдик менен интеграцияны жактаган оппозициялык фракциялар талап кылып жатышат. (AiK)

XS
SM
MD
LG