Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Берлускони депутаттык кол тийбестиктен ажырады


Шаршемби күнү Италиянын Сенаты добуш берип, палатадан экс-премьер Сильвио Берлусконинин чыгарылышын колдоду.

Сенаторлордун чечими менен Берлускони параламенттин депутаты катары кол тийбестигин жоготту, мындан ары ал башка кылмыш иштери боюнча камакка алынышы мүмкүн болуп калды.

Мыйзам чыгаруучулар добуш бергенге чейин Берлускони өз тарапкерлеринин алдында Римде сүйлөп жатып, мындай чечим кабыл алынат, ал Италиядагы демократияга аза күтүү күнү болоорун айткан.

20 жыл бою Италиянын саясатына активдүү катышкан Берлускони бир жылдан ашыгыраак убакыт мурун салыктарды жашырганы үчүн күнөөлүү деп табылган. Берлускони 4 жылга кесилип, бирок кийин амнистия берилип, жаза өтөө мөөнөтү бир жылды түзгөн.

77 жаштагы Сильвио Берлускони “Италия, алдыга!” партиясын башкарууну улантууда. Ал саясаттан кетпейм деп кайталап келет (AiK).

XS
SM
MD
LG