Парламенттеги «Республика» фракциясы экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин айрым жеке менчик ишканалардын ишмердүүлүгүнө катыштыгы бардыгы тууралуу «Дело №..» гезитине чыккан макаладагы фактыларга жооп берүүгө тийиш экендигин айтууда.
Фракция Кумтөр боюнча Centerra Gold Ink. компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү убагында Тайырбек Сарпашевди кызматынан убактылуу четтетүү маселесин өкмөт башчыга сунуш кылды. 27-ноябрда Сарпашевдин бир тууганынын компаниясы мамлекеттик тендерден утуп жатат деген сөздүн чын-бышыгын текшерүү үчүн парламенттик жумушчу комиссия түзүлдү. Ага ар бир фракциядан экиден депутат мүчө болушту.