Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

«Хизбутчу» делген адам УКМКда сурак берүүдө


Адамдарды алдоо жолу менен “Хизб-ут Тахрир” уюмуна мүчөлүккө тартат деп шектелген 57 жаштагы кыргыз жараны сурак берүүдө. Ага конституциялык нормаларды бузууга чакырык таштаган, расалык, аймактык, диний жана улут аралык чагым жасаган деген айыптар коюлган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган жаран Бишкектин жака-белиндеги конуштарда адамдарды алдап, “Хизб-ут Тахрир” партиясына кирүүгө үндөгөнү аныкталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал жашаган үйдөн партиянын адабияттары, диний-экстермисттик маанидеги электрондук буюмдар табылган.

13-ноябрда колго түшүп, УКМКнын абагына камалган жарандын үсүтүнөн кылмыш иши уланууда. “Хизб-ут Тахрир” Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстермисттик уюмдардын катарында. (SE)

XS
SM
MD
LG