Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

"Кыргызстандын" тагдыры чечилип калды


Москвадагы "Кыргызстан" соода борбору
Москвадагы "Кыргызстан" соода борбору

Кыргыз өкмөтү Москвадагы “Кыргызстан” соода борборун жеке эмес, мамлекеттик ишканага бермей болду. Анын иштөө принциби жана форматы да өзгөртүлөт. Бул маселе келерки жылдын башында чечилиши керек.

Москвадагы Бүткүл орусиялык көргөзмө борборунда жайгашкан “Кыргызстан” соода үйүнүн айланасындагы талаш-тартышка кыргыз өкмөтү чекит коюуну көздөп жатат. Бул маселени Орусиядагы кыргыз диаспора өкүлдөрү жакында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен Москвада жолуккан учурда да көтөрүшкөн.

Кыргыз эл артисти, Акыйкатчы институтунун Москвадагы өкүлү Акылбек Мураталиевдин белгилешинче, Орусияга келген кыргызстандыктардын башын бириктире турган маданий борбор жок болууда. Диаспора өкүлдөрү “Кыргызстан” соода үйүнүн бир канатын мына ошондой руханий пикир алмашчу очокко айлантууну максат кылып жатышат:

- Кыргызстанга берилген павильонду жеке менчикке колдонулууда. Ал жердеги ресторан, ар кандай фирмалар көп жылдан бери жеке бир адамдын кызыкчылыгына иштеп жатышат. Бул жерде Кыргызстандан келген жарандардын улуусу болобу, кичүүсү болобу бара турган жери, чогуу отуруп баарлашчу түндүгү жок. Диаспора өкүлдөрү чогулганда кайсы бир кафенин бурчуна олтуруп сүйлөшкөн учурлар болот. Анын үстүнө бул жактагы уруш-талаш, бири-бирин тономой өңдөнгөн көрүнүштөр руханий байлыктын жоктугунан болууда. Канчалаган мигранттардын балдары кыргыз тилин билбей калды.

Орусия өкмөтү Москвадагы мурдагы Бүткүл союздук көргөзмө борборунун (ВДНХ) аймагында жайгашкан соода үйлөрүн иштетүү үчүн мурунку союздук республикалардын өзүнө ижарага берген. Ижара акысы келишимдерге ылайык, символдуу түрдө жылына 1 рубль. Кыргыз өкмөтү 2008-жылы өзүнө бөлүнгөн эки кабаттуу имаратты иштетүү тууралуу “Кыргызстан соода үйү” деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом менен беш жылдык мөөнөткө келишим түзгөн. Ага ылайык, аталган уюм Кыргызстандын ишкердик борборун түзүү, адистешкен көргөзмө жана жармаңкелерди, ар кандай максаттагы иш-чараларды өткөрүү милдетин алган. Бул келишимдин мөөнөтү ушул жылдын декабрында бүтөт.

2009-жылдан бери бул соода үйүн кыргызстандык ишкер, Орусиянын жараны Кубанычбек Кожоев иштетип келет. Диаспора өкүлдөрү анда менчик медицина борборунан тартып, авиакомпания, ресторанга чейин Кожоевдин чөнтөгүнө ижара акы төлөп турат деп доомат коюшкан.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо Москвадагы жолугушууда Кожоев имаратты бошотуп бериши керектигин белгилеген:

- Айтып кой Кубанычка, Кубаныч ээ аты? Болду эми, эки-үч, беш жылдан бери байыды өткөрүп берсин. Чыр кылбасын, чыр кыла турган болсо мен чырдашам. Болду өткөрүп берсин. Элчиге тапшырма берип атам, элчи көзөмөлгө алсын. Экономика министрлигинин да кызыкдар жери бар экен. Аны да айтканбыз. Орусия аны Кыргызстанга, өкмөткө берген. Анан “кол ийрисине тартып кетет” деген болбойт да. Кубаныч менин иним болот. Болду тойду, жетишет берсин. Ал өкмөттүкү.

Кожоевге аталган соода үйүн иштетүү уруксаты Акылбек Жапаров экономика министри болуп турган учурда берилген. Жапаров “убагында имаратты кимдир бирөөгө иштетүүгө бербесе, орус өкмөтү алып коймок”, - деген пикирин билдирген болчу.

Диаспора өкүлдөрү доомат арткан ишкер Кубанычбек Кожоевдин белгилешинче, “Кыргызстан” соода борборун ремонттоп, оңдоого 2 млн. доллардай каражат кеткен. Азыр кыргызстандык ишкерлер бул жерге жыл бою өздөрүнүн продукцияларын коюп, анын айынан бир канча түз келишимдер түзүлдү.

- Чыгып кеткиле дегендей, бул жерде бирөөнүн батирин алып, чемодан менен кирип жашап алган жокпуз. Бүгүн ачкычты бергиле десе, кайра чемоданды көтөрүп чыгып кеткендей жөнөкөй батир эмес. Бул жерде мамлекеттик деңгээлде мамиле жасаш керек. Бул үйдү жасаганга кеткен каражатты ким төлөш керек? Баш-аягы 2 млн. доллардай каражат кеткен. Аны ким төлөш керек? Журналисттер төлөш керекпи, же бул жөнүндө айткан коомчулук төлөш керекпи, же бюджеттен төлөнүш керекпи? Инвестор катары өзүбүздүн мекендештерди биринчи ирет чакырып алып, каражатты киргизгенден кийин кете бергиле деген бул эмне? Анда кайсы инвестор келет Кыргызстанга, ал эмес өзүбүздү “кидать” этип атса.

Кожоев эч кимден каражат сурабай эле ремонт иштерин жүргүзүп, оңдоп-түзөсө Орусия башка деле имараттарды 1 рублга ижарага берээрин белгилөөдө. Ал атайын комиссия алардын ишин текшерүүсүн да сунуштап жатат:

- Анча-мынча ижара акы төлөгөндөр да бар бул жерде. Себеби, бул имараттын коммуналдык төлөмдөрү да көп. Мисалы миң доллардан 2 миң долларга чейин жылуулук бергенге төлөнөт, электр энергиясы, суу, канализациясы бар. Бир үйдү түптөсө ошону талашкан өтө уят нерсе, уят.

Ал ортодо Кыргыз өкмөтү Москвадагы “Кыргызстан” соода борборун мамлекеттик ишканага бермей болду. Экономика министри Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, анын иштөө принциби жана форматы да өзгөртүлөт. Бул маселе келерки жылдын башында чечилиши керек. Экономика министрлиги Орусиянын Мамлекеттик мүлк органы менен жаңы келишимге кол койду. Анын негизинде жаңы оператор менен келишим түзүлүп, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштетүү боюнча чечим кабыл алынат.

- Кожоев бошотушу керек бүгүнкү күндө. Алардын кол койгон келишими Орусиядагы органдардан эч кандай каттоодон өткөн эмес. Канча акча кетирдиңер, колуңардагы документтерди көрсөткүлө, бергиле деп атайын комиссия түзүп жөнөтсөк, бир дагы документ көргөзө албай койду. Жалпысынан эле ушунча миллион рубль кетиргенбиз деп айтып жатышат. Колдорунда тактап бере турган кагаздар жок. Биз эми ошол жерге акча каражат топтоп, Кыргызстандын күндөрүн, ар түрдүү жармаңке өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө атайын дагы фонд түзөлү деп жатабыз. Жалпысынан алардын иштөө принцибин өзгөртүп, түшө турган акча бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, толук Кыргызстандын кызыкчылыгына иштей тургандай ачык, таза схема кылабыз.

Сариев белгилегендей, талашка түшкөн соода үйүнүн бир канаты Кыргызстандын маданий борбору болот. Анда Кыргызстандын продукцияларын көрсөтүүгө, жармаңке өткөрүүгө шарт түзүлөт. Мындан сырткары айрым мамлекеттик органдар, мисалы Миграция, Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү иштейт. Ал эми айрым чыгымдарды төлөө, оңдоп-түзөө иштери үчүн соода үйүнүн кайсы бир бөлүгү кайра эле ижарага берилет.

Буга чейин “Кыргызстан” соода үйүндө айланып жаткан акчада Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын үлүштөрү да бар экени айтылып келген. Мурдагы союзга кирген өлкөлөрдөн аталган аймакта Белорус, Армения жана Кыргызстандын гана борбору иштейт. Казакстан эми ишететүүгө камынууда.

XS
SM
MD
LG