Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Жол кырсыгынан беш адам каза тапты


Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгынан беш адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 28-ноябрь күнү түнкү саат он экиден өткөндө Таш-Көмүр шаарында “Ниссан-Патруль” унаасы жолдон чыгып, 30 метрдей ылдыйга кулап кеткен.

Министрликтин куткаруучулары кырсыкта каза болгондордун баарын алып чыгып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирген.

Маалыматта айтылгандай, мерт кеткендердин баары 19 жашта. Алар:

Асылбек Сансызбаев, айдоочу,
Эламан Романов;
Алибек Жумабеков;
Майрамбек Шатманов;
Нурбек Турдукулов.


Бешөө тең Таш-Көмүр шаарынын тургундары.

Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, соңку он айда Кыргызстанда 5990 жол кырсыгы катталып, 933 адам көз жумган. Мерт кеткендердин 118и балдар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG