Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

Сарууда сүйлөшүү жүрүп жатат


Камактагы айылдаштарын бошотууну талап кылып жаткан Саруу айылынын тургундары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугууда. Сүйлөшүүлөр ушул тапта Саруу айылында болуп жатканын жергиликтүү тургун Абай Узаков “Азаттыкка” билдирди.

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, учурда айыл тургундары менен облустук милициянын жетекчиси жана Жети-Өгүз районунун акими жолугуп, талаптарын угуп жатат.

Айыл эли октябрда Караколдо болгон митинг үчүн камалгандарды УКМКнын абагынан бошотуу талабын айтып келишет. Алар 26-ноябрда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевдин Саруу айылына келишин талап кылып Каракол-Балыкчы жолун буушкан. Каптагаев чогулгандарга кат аркылуу кайрылган, бирок нааразылык акциясынын катышуучулары облус жетекчисинин өзүнүн келишин талап кылып, үч күн мөөнөт чектешкен.

Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумга каршы октябрь айында Каракол шаарында уюштурулган митинг башаламандык менен аяктап, 23 адам кармалган, учурда жетөө УКМКнын тергөө абагында. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG