Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Ошто жарык өчүрүүгө нааразы болуп атышат


Ошто жарыктын тез-тез өчүрүлүп жатышы соңку күндөрү социалдык тармактардагы интернет колдонуучуларынын негизги темасына айланды. Колдонуучулар свет көп өчүп жатканына нааразылыгын билдирип жатышат.

“Ошэлектр” ишканасынан “Азаттыкка” билдиришкендей, өчүрүүлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда. Ал качан аяктары азырынча белгисиз.

Ош шаарында свет жана жылуулук тармагы жыл сайын күз-кыш мезгилдеринде негизги маселе катары көтөрүлөт. Өткөн жылы 22-ноябрда калаадагы журналисттер тобу маселени чечүүнү талап кылып жүрүшкө чыккан. Ошондон кийин жарык берүү бир аз жанданган болчу. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG