Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:51

Саруулуктар талаптарын акимге жазып берди


Ысык-Көлдүн Саруу айылынын тургундары камактагы айылдаштарын бошотуу талабын Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоровго жазуу түрүндө тапшырды.

Бүгүн айылдагылар менен облустук милициянын жетекчиси жана Жети-Өгүз районунун акими жолугууга келген.

Айыл эли октябрда Караколдо болгон митинг үчүн камалгандарды УКМКнын абагынан бошотуу талабы менен 26-ноябрда Балыкчы-Каракол жолун бууган.

Алар өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевдин Саруу айылына келип, талаптарын угууга чакырышкан. Каптагаев чогулгандарга кат аркылуу кайрылган, бирок тургундар облус жетекчиси өзү келмейинче акцияларды уланта берээрин айткан.

Облустук администрациянын басма сөз катчысы Назира Муканбетова Каптагаев 28-ноябрда саруулуктар менен жолугарын “Азаттыкка” билдирген болчу.

Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумга каршы октябрь айында Каракол шаарында уюштурулган митинг башаламандык менен аяктап, 23 адам кармалган, учурда жетөө УКМКнын тергөө абагында.

Митинг катышуучулары Эмилбек Каптагаевдин бир топ убакыт унаа ичинде барымтада кармап да отурушкан эле. (MK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG