Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Сирия өкмөтү жана оппозиция Женевадагы сүйлөшүүгө катышат


Сирия өкмөтү жана Батыш колдогон бирдиктүү оппозиция Улуттар уюму демөөрлөгөн тынчтык сүйлөшүүсүнө катышаарын тастыкташты. Бирок эки жакта 22-январда Женевада ачылчу сүйлөшүүнүн максаты боюнча биримдик жок. Премьер-министр Ваил ал-Халки өкмөт Женевага бийликти өткөрүп бергени эмес, саясый сүйлөшүү үчүн бара турганын билдирди. Сирия оппозициясынын Улуттук коалициясынын лидери Ахмед Ярбанын маалымдашынча, ал Женевада курамына президент Башар Асад кирбеген утурумдук өкмөт түзүлүш керек деген үмүттө. Ал ошондой эле, Иран Асаддын тарабында согушкан күчтөрдү колдогонду токтотсо, Женевадагы сүйлөшүүгө катышса болот деди: "Иран Сириянын элин өлтүрүүдө өкмөттүн чыныгы өнөктөшү. Ал эгер сүйлөшүүгө катышканды кааласа, өз аскерлерин, Хизбалланын желдеттерин жана экстремистчил ирактык согушчандарды чыгарып кетиши абзел. Ошондон кийин Иран баарын жасадык деп сүйлөшүүгө катыша алат".

Үч жылга чукулдап бараткан Сириядагы куралдуу калабада БУУнун эсебинче, 100 миңден ашуун адам курман болду.

XS
SM
MD
LG