Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Президент Янукович ЕБнын лидерлери менен жолугушат


Украин президенти Виктор Янукович бүгүн Европа биримдигинин лидерлери менен жолугушат. Кездешүү Литванын байтакты Вильнюста ачылчу Чыгыш өнөктөштүгү саммитинин кечки сый тамагы маалында болот деп мерчемделүүдө. Обол башта Украина Вильнюста Эркин соода жана саясий ассоциация боюнча келишимге кол коёт деп болжолдонгон.

Шаршемби күнү Янукович Биримдик менен Ассоциациялык мүчөлүк жөнүндө келишимге кол койгонго Украина даяр эмес, Брюссел татыктуу жардам сунуш кылбады деп билдирди. Ошол эле маалда Орусия менен мамиле жакшыртылат деп сөз берди ал. Украина Евробиримдик каалагандай, экс-премьер-министр Юлия Тимошенкону абактан чыгарбай да койду.

Өкмөттөн Биримдик менен саясий келишимге кол коюуну талап кылып, шаршемби күнү Киевде жана башка шаарларда миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышты.

Чыгыш өнөктөштүгү демилгесине экс-советтик Армения, Азербайжан, Беларус, Грузия, Молдова жана Украина кирет.

XS
SM
MD
LG