Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

Келдибековдун тарапкерлери эскертүү жасашты


Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери депутатты бошотуу талабын өкмөт башчыга айтышты. Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуу 27-нобярда болгонун бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдиришти.
Келдибековдун жактоочулары депутат бошотулбаса, бийликке каршы мөөнөтсүз нааразылык акцияларын башташарын эскертишүүдө.

Коррупциялык иштерге тиешеси бар деген айып менен Акматбек Келдибеков 20-ноябрда кармалып, эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. Андан соң Бишкекте, Алайда жана Ошто аны бошотуу талабы менен нааразылык акциялары өткөн.

Акматбек Келдибековду колдоп, бүгүн билдирүү тараткандардын айткандарын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Конституцияга каршы аракет деп баалады. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG