Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Депутаттын чыгымын азайтуу мыйзамы өтпөй калды


Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирден жардамчысын жана кызматтык унаасын жоюу боюнча мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкан жок.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сунуштаган “ЖК депутатынын статусу жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, кийинки чакырылыштагы депутаттарга бирден гана жардамчы берилип, кызматтык машинеден пайдалануу укугу чектелмек.

Мыйзам парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында добушка коюлган.
Ага отурумга катышкан 95 депутаттын 59у каршы, 36сы макул деп добуш берди.
Депутат Бактыбек Калмаматов “Азаттыкка” билдиргендей, эгер мыйзам колдоо тапса, парламент 130 миллион сомдон ашуун каражатты үнөмдөйт болчу. Аталган мыйзам долбоору мурда да каралып, колдоо тапкан эмес.

Жогорку Кеңештин депутаттарында азыр экиден жардамчы бар. Кызматтык унаасына күн сайын 12 литрден бензин бөлүнөт. (SE)

XS
SM
MD
LG