Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:31

Токио жана Сеул Бээжин макулдашпай орноткон эрежени сактабайт


Жапония жана Түштүк Корея Бээжиндин Чыгыш Кытай деңизинин үстүн абадан коргонуу зонасы деп жарыялоосуна таназар беришпейт. Жапониянын чек ара аскерлеринин билдиришинче, анын учактары Чыгыш Кытай деңизинин аба мейкиндигинен Бээжиндин эрежелерин сактабай эле учушууда. Түштүк Корея да аскердик учактары береги зонада учканын маалымдады.

Кытай 23-ноябрда аталган зонаны пайдаланчу учактар обол маршрутун планын, кайсы өлкөгө таандык экенин тастыктап, үзбөй байланышта болсун, антпесе, аларга каршы чечкиндүү чара көрүлөрүн эскерткен эле.

Кытай өзүнүкү деп жарыялаган зонаны Жапония менен Тайван да өзүнө таандык деп талашып жүрөт. Анын бир бөлүгүнө Түштүк Корея да ээ чыккан. Кошмо Штаттар Кытайдын кадамын “региондогу статус квону бузуу аракети” деп атады.

Шейшемби күнү америкалыктардын эки даана В-52 аскер учагы аталган мейкиндиктен алдын ала кабарлабай туруп учуп өткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG