Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Иран Арактагы реакторду МАГАТЭге көрсөтөт


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин билдиришинче, Иран Бириккен улуттар уюмунун инспекторлорун Аракта курулуп жаткан реакторду 8-декабрда келип, текшергенге чакырды. Бул тууралуу МАГАТЭнин башкы директору Юкия Амано бүгүн Венада агенттиктин жыйынында жарыялады.

24-ноябрда дүйнөнүн бакубат алты өлкөсү жана Иран ортосунда жетишилген утурумдук келишимге ылайык, Тегеран алты айга уранды байытууну токтотконго жана Арактагы реакторго отун же оор суу тек ташыбаганга макулдук берген. Анын ордуна Иранга каршы жарыяланган эл аралык санкциялар жеңилдетилет. Эл аралык коомчулук Арактагы оор суу тек менен иштечү реактор ядролук бомба жасаганга керектүү плутоний өндүрө алат деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG