Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Ооганстан: бомба чабуулунан дагы үч адам апаат болду


Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында удаа-удаа бомба жарылып, бери дегенде үч адам өлдү, 10 адам жарадар болду. Жардыруулар 28-ноябрда Ачин районунда болгонун провинциянын акими Рахман Моманд билдирди. Анын айтышынча, биринчи бомба машинеге, экинчи бомба жолго коюлган экен. Бомба чабуулун ким уюштурганы белгисиз. Бирок согушчандар жолго орноткон минадан Ооган жарандары дээрлик күн сайын жабыркайт.

XS
SM
MD
LG