Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Париж аэропортунда иш таштоо жарыяланды


Шарль де Голль атындагы эл аралык аба майданы, Париж, Иль-де-Франс аймагы, Франция, 7-февраль 2012-ж.
Шарль де Голль атындагы эл аралык аба майданы, Париж, Иль-де-Франс аймагы, Франция, 7-февраль 2012-ж.
Кесиптик кошуундар жарыялаган иш таштоонун айынан Франциянын борбору Парижди тейлеген Шарль де Голль атындагы эл аралык аба майдан 29-ноябрдан 1-декабрга чейин толук кандуу иштебейт. Биринчи француз президентинин наамын алып жүргөн аэропорт күнүнө 170 миң адамды жана жылына 61 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлейт.

Иш таштоонун айынан дүйнөнүн эң ири жетинчи аэропортунда кеми 4110 каттам токтотулат. Париждин 12 миллион калкын Шарль де Голль аба майданынан тышкары, Орли, Ле-Бурже, Бове жана Ватри аэропорттору тейлейт. Франциянын авиация кызматкерлери иш таштоо боюнча Европада алдыңкы орунда.

Авиация кызматкерлеринин иш таштоосуна байланыштуу 18-октябрда да Италиянын Рим, Милан, Флоренция жана Венециядагы ири аэропорттору иштебей, жүздөгөн каттамдар токтотулган. (BAz)

XS
SM
MD
LG