Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

Кыргызстан-Украина экономикалык кызматташуусу Киевде сүйлөшүлдү


Киевде Кыргызстандын жана Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенттери Рима Апасова жана Виктор Яновский кездешти.

Кыргыз элчилигинин маалымдашынча, 27-ноябрдагы сүйлөшүүдө эки өлкө арасындагы экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды. Соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү максатында 2014-жылы жаз айларында кыргызстандык ишкерлердин тобу Киевге, украиналык бизнесмендердин тобу Бишкекке келишет деп макулдашылды.

Украина Кыргызстандын КМШдагы бешинчи чоң соода өнөктөшү. 2012-жылы Кыргызстан-Украина ортосундагы соода 2011-жылга караганда 11, 6 процентке өсүп, 145 миллион долларды түзгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG