Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Science: Кыргыз-индеец түбү бир


Сүрөт Уикипедия сайтынан алынды
Сүрөт Уикипедия сайтынан алынды

Индеецтер менен батыш евразиялыктардын гендеринде көп окшоштуктар табылды.

Индеецтер менен кыргыздардын тууганчылыгы аныкталды. Түндүк жана Түштүк Американы байырлаган индеецтер, же түпкүлүктүү америкалыктар менен кыргыздар кирген батыш евразиялыктардын митохондриялык ДНКсында көп окшоштуктар бар экени маалым болду. Бул тууралуу Science онлайн журналы жазып чыкты.

Сибирдеги Байкөлдүн жээгинде Муз доорунда 24 миң жыл мурда жашаган баланын сөөгү табылган. Табылган скелет аба ырайынын сууктугуна байланыштуу жакшы сакталып, кол сөөгүндөгү чучук клеткалары тыкыр изилденген. Жүргүзүлгөн анализдердин негизинде, генетиктер азыркы түпкүлүктүү америкалыктар менен батыш евразиялыктардын игрик (Y) хромосомасында көп окшоштуктарды табышты.

Индеецтер Батыш Сибирден Бериң кысыгы аркылуу Түндүк Америкага жер которгону маалым болгону менен, азыркы күнгө чейин алар кайсы калктан бөлүнүп чыкканы белгисиз болчу. Байыркы кыргыздар исланддар, викингдер, кельттер жана мажарлар менен да тууганчылык байланышы бар деген гипотезалар арбын.

Тираннозавр.
Тираннозавр.
Динозаврдын жаңы түрү табылды

Муз доорунан мурдагы тарыхка учкай көз чаптырсак, америкалык палеонтологдор, же динозавр таануучулар, илимге белгисиз динозаврдын сөөгүн табышты. Сиатс мээкерорум (Siats meekerorum) аттуу динозавр Түндүк Американы байырлаган экинчи эң чоң жырткыч деген наамга талапкер.

Жаңы табылган жырткыч динозавр азыркы Юта штатында 98 миллион жыл мурда жашаган. Сиатс мээкерорумдун баласынын бою 9 метр жана салмагы 3.5 тоннага жеткен, ал эми чоңунун бою 12 метрге жетип, салмагы 6.5 тоннадай болгон.

Жаңы скелет табылганга чейин динозаврлардын эң жырткычы тираннозавр болгон деп айтылып келген. Динозавр таануучулар сиатс мээкерорум тираннозаврды жеп, жан баккан деген тыянакка келишти. Демек жаңы табылган динозавр Түндүк Американы байырлаган эң жырткыч жаныбар болгон. Динозаврлар 66 миллион жыл мурда толугу менен жок болуп кеткен.

ВИЧке селен шыпаа

ВИЧ–1 вирусу.
ВИЧ–1 вирусу.
Иммунодефицит вирусун же ВИЧ илдетин дарылоодо мультивитаминдер менен кошо селен затын ичкен бейтаптарда вирус өрчүшү басаңдап, иммунитети жакшырып, оң натыйжа берди.

Африканын Ботсвана өлкөсүндө ВИЧке жаңыдан кабылган 878 адам экспериментке катышып, мультивитамин жана селенди кошо ичкен бейтаптарда вирустун жайылуусу басаңдаган. Эки жума мурда ВИЧти дарылоодо антиретровирустук терапия менен кошо чучук клеткаларын саюу жигердүү экенин генотерапевттер аныктаган.

СПИД борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда ВИЧ менен ооругандардын саны 1-ноябрга карата 5060ка жеткен. Алардын ичинен 809 киши каза болгон. Ооругандардын 485и 14 жашка чейинкилер.

Кошумчалай кетчү нерсе, селен рак илдетине каршы да колдонулат. Жоон ичеги жарасы, уйку без шишигин жана өпкө рагын дарылоодо да кеңири колдонулат. Ал эми Бостон университетинин окумуштуулары күмүштүн органикалык туундулары антибиотиктен миң эсе күчтүү экенин аныкташты.

Жасалма көз, Дүссельдорф, Германия, 12-декабрь 2012-ж.
Жасалма көз, Дүссельдорф, Германия, 12-декабрь 2012-ж.
Ал ортодо Австралиядагы илимпоздор бионикалык көз ойлоп табышты. Жасалма көздү сокурлардын 85% колдонсо болот. Бионикалык көздөгү чип мээнин көрүү кабыгына туташтырылып, ал чип зымсыз визуалдык кабыкка сигнал жөнөтүп, көрүүнү активдештирет. Бул жабдуу тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин, сатыкка коюлат.

Космос мейманканасына кош келиңиз!
Жердин космостон тартылган эң тунук сүрөтү, 31-июль 2007-ж.
Жердин космостон тартылган эң тунук сүрөтү, 31-июль 2007-ж.

Туризм тармагында кабарларга келсек, Жердин орбитасындагы алгачкы мейманкана үч-төрт жыл ичинде ишке кирет. Орусиялык "Орбитальные технологии" жеке ишканасы космостук мейманкананын долбоорун иштеп чыгууну баштады. Жада калса, алгачкы кардарлар менен келишимдер түзүлдү.

Ишкананын жетекчиси Сергей Костенконун айтымында, чоң терезелүү төрт бөлмөлүү космостук отель жети конокко ылайыкташтырылып курулат. Андан тышкары алгачкы космостук мейманкана чукул же авариялык кырдаалдарда Эл аралык космос бекетинин кошумча базасы катары кызмат кылат. Орусиялыктар менен бирге Американын "Бигелоу Аэроспейс" компаниясы дагы планетабыздын орбитасында 2016-жылга чейин космостук мейманкана курууну пландап жатат.

Марс планетасындагы тоо-кыркалар, 23-август 2013-ж.
Марс планетасындагы тоо-кыркалар, 23-август 2013-ж.
Марокколук адам Сахара чөлүндө кокустан тапкан кара сыйгалак таш - Марстан келген метеориттин калдыгы болуп чыкты. Жерде мурда Марстан келген 125 калдык табылган. Алардын курагы бир миллиард жыл болгон.

Ал эми жаңы табылган кызыл планетанын ташынын курагы 4.4 миллиард жыл экени аныкталды. Анын курамында циркон (цирконий эмес) кристаллы жана мурдагы табылган таштардан 10 эсе көп суунун изи табылды.

Астероид жана метеориттердин калдыктары зергечиликте бийик бааланат. Сахарада табылган Марстын кара ташынын бир граммы 10 миң доллар.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG