Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Энесин өлтүрдү делген жаран сурак берүүдө


Таласта өз апасынын өлүмүнө шектүү жаран милицияга сурак берүүдө. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 25-ноябрда Талас шаарынын 68 жаштагы тургуну денесине келтирилген оор жарааттан каза тапкан.

Милиция кылмышка шектүү деп, анын 42 жаштагы уулун кармаган. Тергөөдө маалым болгондой, ал мас абалында апасын сабап, 7 кабыргасын сындырган. Анан кошуналарга кабар берип, апасы өзүн жаман сезип жатканын айткан. Келтек жеген аял “Тез жардам” унаасында ооруканага баратып, каза болгон.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси - адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандан 150 грамм маңзат да табылган. (SE)

XS
SM
MD
LG