Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

ВИЧке кан тапшыруу жумалыгы аяктоодо


СПИД борбору тарабынан 25-ноябрда жарыяланган жумалык 29-нобярь күнү кечке жуук аяктайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган борбордон билдиришти.

Бул акция 1-декабрь – эл аралык СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата, адамдарды кан тапшырууга активдүү катыштыруу максатында жарыяланган. Өнөктүктөн башка күндөрү да каалагандар келип текшерилсе болот.

СПИД борборунун маалыматы боюнча, өлкөдө ВИЧке чалдыккандардын саны 1-ноябрга карата 5060ка жетти. Алардын 809у каза болгон. Ооругандардын 485и 14 жашка чейинкилер.

Илдет жуктуруп алгандардын 30 пайызын Чүй облусунун, 20 пайызын Ош облусунун тургундары түзөт. Жуктургандар негизинен маңзатын ийне аркылуу колдонгондор, коргонуусуз жыныстык катнашта болгондор. Дарыгерлерлердин күнөөсү менен медициналык жабдыктардан жуктуруп алгандар да бар. Алардын басымдуусу балдар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG