Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Депутаттар саруулуктар менен жолугууда


Ысык-Көлдүн Саруу айылынын тургундары менен Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары ушул тапта жолугушуп жатат. Өмүрбек Текебаев баш болуп барган парламент өкүлдөрүнө саруулуктар "өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев кызматтан кетсин" деген талапты айтышты.

Сарууга бүгүн Жогорку Кеңештин "Ата Мекен", "Республика" жана КСДП фракцияларынан атайын өкүлдөрү барат деп маалымдалган болчу.
Кабарчыбыздын айтымында, бүгүнкү жолугушууга миңге жакын киши катышып жатат.

Аталган айылда Кумтөр алтын кенине байланыштуу чыккан нааразылык акциялары эки айдан бери басыла элек. Алар митингге чыккан айрым айылдаштарын камактан бошотуу жана өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди кызматтан кетирүү талаптарын коюп келишет. Каптагаев Саруудагы тополоңдорду бир ууч гана айыл тургундары уюштуруп жатканын, алардын талаптары негизсиз экенин “Азаттыкка” берген маегинде белгилеген.

Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумга каршы октябрь айында Каракол шаарында уюштурулган митинг башаламандык менен аяктап, 23 адам кармалган, учурда жетөө УКМКнын тергөө абагында. 7-октябрдагы митинг катышуучулары Каптагаевди барымтага да алган. (MK\SE)

XS
SM
MD
LG