Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Түрмөдө бир жылда төрт адам кургак учуктан өлдү


Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 тергөө абагында быйыл 4 адам кургак учук оорусунан каза болду. Өткөн жылы ушул дарттан 9 киши көз жумган. Бул тууралуу “Азаттыкка” абактын жетекчиси Жоробек Дүйшөбаев билдирди.

Аталган түрмөдө учурда 246 киши камакта отурат. Алардын 130у кургак учук менен ооруйт. Кеселдин ачык түрү менен катталгандар өзүнчө бөлмөлөрдө жатат.
№31 тергөө абагына башка түрмөлөрдөн да кургак учук менен ооругандар которулат.

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын ар биринин тамак-ашына күн сайын мамлекеттен 130 сом бөлүнөт. Бир адамдын дарылануусуна 15 миң доллар сарпталат. Каражаттын басымдуу бөлүгүн эл аралык уюмдар берет. (KE\SE)

XS
SM
MD
LG