Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

Айтматов сыйлыгы орусиялык Поляковго тапшырылды


Орусиядагы “Литературная газетанын” башкы редактору Юрий Поляков Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын алгачкы лауреаты болду

КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын сыйлыгын тапшыруу аземи 29-ноябрда Санкт-Петербург шаарында өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Поляковго сыйлыкты Парламенттер аралык ассамблеянын төрайымы Валентина Матвиенко жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков тапшырды.

Сыйлык лауреаттыгы жөнүндө китепче жана 30 доллар түрүндө берилет. Ал Жогорку Кеңешинин сунушу менен 2012-жылдын ноябрь айында негизделген. Быйыл алгачкы жолу тапшырылууда.

Поляков гезити аркылуу Айтматовдун чыгармачылыгына тез-тез кайрылып турат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG