Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Ош – Алматы аба каттамы ачылат


"Скай Бишкектин" СААБ–340А учагындагы борт коштоочу, Нарын аба майданы, 16-июль 2013-ж.
"Скай Бишкектин" СААБ–340А учагындагы борт коштоочу, Нарын аба майданы, 16-июль 2013-ж.
Кыргызстандын жана Казакстандын түштүк калааларын бириктирген ар апталык авиарейс 13-декабрдан тарта ишке кирет деп пландалып жатат. Бул тууралуу туристтик агенттиктер кабарлады. Ош – Алматы – Ош аба каттамын жума күндөрү кыргызстандык "Скай Бишкек" авиакомпаниясынын 33 орундуу швециялык СААБ–340А учагы аткарат. Суроо-талап көп болсо, кошумча каттам жекшемби күндөрү да киргизилет.

"Скай Бишкектин" Ош – Алматы №1021 каттамы жума күнү саат 20:30да учат, сапар убактысы 1,5 саатка созулат. Казакстандан кайра Кыргызстанга Алматы – Ош №1022 каттамы аптанын бешинчи күндөрү саат 23:30да учат, сапар узактыгы эки саатка созулат. Кыргыз жана казак түштүк борборлорун бириктирген рейс 1995-жылдан кийин токтогон.

Бишкектен болсо Алматыга кыргызстандык "Авиа Траффик Компани" жана "Эйр Астана" авиакомпаниялары аптасына алты жолу каттайт.

Ал эми "Манас" эл аралык аба майданынын рейстеринин жадыбалына ылайык, "Скай Бишкек" авиакомпаниясы ноябрдан тарта Орусиянын Пермь, Екатеринбург, Москва шаарларына жана Нарынга каттамдары пландаганы менен, алардын бири дагы ишке аша элек. Аталаган авиакомпаниянын Жалал-Абаддан Казарманга жана Кербенге да рейстери да токтоп турат.

Учурда "Скай Бишкек" Бишкектен Жалал-Абадга, Исфанага жана Ошко каттайт. (BAz)

XS
SM
MD
LG