Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Келдибековдун тарапкерлерине эскертүү берилди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Келдибековдун тарапкерлерине расмий эскертүү бергенин билдирди.

28-ноябрда Алайдан келген тургундар өкмөт башчы менен жолукканын айтып, андан соң маалымат жыйын өткөрүшкөн. Коопсуздук боюнча комитет эскертүүнү жыйынга катышкан Аттокуров, Кутбидинов, Чомоев жана башка жарандарга берди. Комитеттин билдирүүсүндө, алар Келдибековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлбөсө, аргасыз чараларга барары, үчүнчү революция уюштуруу жана бийлик алмаштыруу тууралуу билдирүү жасашкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет андай билдирүүлөр коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, кылмыш жообуна тартууга негиз болорун билдирди.

Коррупциялык иштерге тиешеси бар деген кине менен 20-ноябрда кармалган Акматбек Келдибеков эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. Андан бери Келдибековдун тарапташтары каршылык акцияларын уюштуруп, жол тосушту. (AKu)

XS
SM
MD
LG