Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Дархандын тургундары саруулуктарды колдоп чыгышты


Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылынын тургундары бүгүн айылга кире бериште боз үй тигишти. Алар саруулуктарга тилектештигин билдирип, өз талаптарын да айтышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл жашоочусу Мирбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, тургундар бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу даярдашып, камалган 7 саруулукту бошотууну, Кумтөр боюнча Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга көтөрүүнү, ошондой эле айылдагы суу көйгөйүн чечип, УЗИ аппаратын сатып берүүнү талап кылышкан. Жергиликтүүлөрдүн атынан сүйлөгөн Мирбек Осмонов “Келдибековдун тарапкерлерин колдобойбуз, алар көлдүктөрдүн атынан сүйлөбөш керек” деп кошумчалады.

Жети-Өгүздөгү Саруу айылында акыркы эки айдан бери маал-маалы менен нааразылык акциялары өтүп келатат. Нааразылар октябрь айында Кумтөр боюнча келишимге каршы Караколдогу митингден кийин камалган айылдаштарын бошотууну талап кылып келатышат. (AKu)

XS
SM
MD
LG