Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:45

Адам өмүрүн алган жол кырсыгына шектүү кыз кармалды


13-ноябрда бир адам каза болуп, бир нечеси жаракат алган жол кырсыгына шектүү жаран жашы жыйырмадан ашкан Аманбек кызы Жанаркүл болуп чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Бакыт Сейитов Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (жол эрежелерин бузуу) жана 121-беренеси (адамды кооптуу абалда калтыруу) боюнча иш козголгонун айтты.

Кылмышка шектүү кыз бүгүн шаардык башкармалыктын убактылуу кармоо жайына камалды, баш коргоо чарасы кечке жуук каралат.

13-ноябрда Бишкектин Юнусалиев көчөсүндө “Мерседес” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тарапка чыгып айдап, маңдайында келаткан “Жигулини” сүзүп алган. “Жигулидеги” бир аял каза болуп, айдоочу менен калган жүргүнчүлөрү ооруканага жеткирилген. “Мерседестин” айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен.

Кылмыш-жаза кодексинде бул кылмыш үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Мамлекеттик жол кайгуул кызматынын билдиришинче, быйыл 10 айда 6 миңге чукул жол кырсыгы катталып, 900дөн ашуун киши каза болду. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG