Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

Пакистандын премьер-министри Ооганстанга барды


Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф талиптер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулоо үчүн Ооганстанга барды. Андан тышкары ооган жетекчилери менен кездешүүлөрдө экономика, энергетика тармагындагы маселелер тууралуу сөз болмокчу.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай Исламабадды "Талибан" кыймылынын таасирдүү лидери молдо Абдула Гани Барадар менен сүйлөшүүгө көмөктөшүүгө үндөп келатат. Ал сентябрда Пакистандагы абактан эркиндикке чыгарылган.

Талиптердин бир катар жетекчилери Пакистанда жашырынып жүрөт деп болжолдонууда жана Кабул расмий Исламабад бийлигинин жардамы менен аларды диалогго тартууга аракеттенүүдө.

Эки өлкө ортосунда пикир келишпестик, айрым учурларда ачык тирешүү өкүм сүрүүдө. Ооганстан кошунасын чек арада баш пааналаган талип согушкерлерин колдогондугу үчүн айыптап келет.

Наваз Шариф кызматка келгенден бери Ооганстанга биринчи жолу барууда. Премьер-министр тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт катары кошуна өлкө менен мамилелерди жакшыртууну белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG