Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

Эрекат: дүйнө Израилге каршы катуу позицияны ээлеши керек


Палестинанын Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча делегациясынын жетекчиси Саэб Эрекат дүйнө коомчулугу конуштарын кеңейтип жаткан Израилге каршы катуураак позицияны ээлеши керек деп билдирди. Анын айтымында, ошондо тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн калган 5 айы эффективдүү өтүшү ыктымал. Мындай билдирүүнү Палестинанын расмий өкүлү кечээ Иерусалимдеги дипломаттардын алдында сүйлөгөн кезинде жасады.

Эрекат палестиналыктар менен израилдиктердин макулдашууга жетишүүсү дагы эле мүмкүн экенин белгиледи. Ноябрдын башында Израил оккупацияланган аймактарда 20 миң турак жай куруу планын жарыялагандан соң Палестина тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү делегациясын чакыртып алган.

Июлдун этегинде АКШнын арачылыгы менен башталган сүйлөшүүлөр кийинки апрелде аяктайт деп күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG