Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

БУУ Ооганстандагы гуманитардык кызматкерлерге камтама болууда


Улуттар уюму Ооганстанда гуманитардык кызматкерлерге карата зомбулуктун күчөшүнө байланыштуу камтамасын билдирди. БУУнун Ооганстандагы гуманитардык иштер боюнча координатору Марк Боуден бир жуманын ичинде эки жерде 9 кызматкердин киши колдуу болушу «тобокелдик канчалык жогору экенин көргөзөт» деди. Анын айтымында, эл аралык бейпилдик күчтөрү өлкөдөн чыгууга даярданып жаткан кезде мындай тенденция өтө коопту. Өткөн аптада Фарйаб чөлкөмүндө согушкерлер гуманитардык иштер менен алектенген жергиликтүү 6 кишини өлтүрүп кетишкен. Урузганда айылдарды өнүктүрүү долбоорунун үстүнөн иштеп жаткан 3 киши жардыруудан набыт болгон. БУУнун маалыматына ылайык, быйыл Ооганстанда 36 гуманитардык кызматкер каза тапты, 46 киши жараланган, 72 кишини согушкерлер уурдап кетишкен.

XS
SM
MD
LG