Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:59

Оппозиция Киевдин мэриясын ээлегенин бекемдөөдө


Оппозиция башчысы, “Свобода” партиясынын лидери Олег Тягнибок Киевдин Эгемендик аянтындагы демонстранттарга кайрылып, “шаардык администрациянын имараты алынганын” кабарлады. Бул маалыматты Киев полициясынын өкүлү Ольга Билык тастыктап, “учурда мэрияны көзөмөлүнө алгандар менен тартип коргоо органдарынын сүйлөшүүлөрү болуп жатканын” маалымдады. Партия мүчөсү Юрий Левченко:

- Мэрияга жылынуу жана бир аз дем алуу максатында гана кирдик. Биз вандал эмеспиз. Биринчи кабаттагы кире бериштен ары барбайбыз, -деп бекемдеди.

Hromadske.tv президенттик администрациянын жанында полиция менен демонстранттардын кагылышуусу болгонун көрсөттү, ал эми Орусиянын ИТАР ТАСС агенттигинин маалыматы боюнча бийликке нааразы болгондор Киевдеги Кесиптик кошуундар үйүн ээлешкен.

Киевде чогулган демонстранттар эрте шайлоо өткөрүүнү жана президент Виктор Януковичтин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Жума күнү Вилнюстагы саммитте украин бийлиги Евробиримдик менен ассоциация тууралуу келишимге кол коюдан баш тарткандан кийин евроинтеграциянын колдоочуларынын акциялары күчөгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG