Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Сарууда тынч митинг уланат


Тынч митинг айылга тигилген эки боз үйдө уланат. Мындай маалыматты Саруу айылынын тургуну Замир Меңдибаев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтуусунда, жергиликтүү эл бийликке 5-декабрга чейин мөөнөт берген, мөөнөт аягына чыкмайынча тынч митинг улана берет.

Ошондой эле коңшулаш Дархан айылынын тургундары да саруулуктарды колдоо митингин улантышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл тургуну Мирлан Орозакунов билдирди. Анын айтуусунда Дархандыктар акциясын ишемби күнү баштап, айыл өкмөттүн алдында боз үй тигишкен. Алар бийликке кайрылуу жолдоп, камалган 7 саруулукту бошотууну, Кумтөр боюнча Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга көтөрүүнү, ошондой эле айылдагы суу көйгөйүн жана жол маселесин чечип берүүнү талап кылышкан.

Октябрь айында Каракол шаарында Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумга каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктап, 23 адам кармалган, учурда жетөө УКМКнын тергөө абагында. Ошондон бери Саруу айылынын тургундары камалган жердештерин бошотуу талабы менен нааразылык акцияларын уюштуруп келет. Өткөн жумада алар менен “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев барып кездешкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG