Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:56

Ош: шаар кеңешинин депутаты сот жообуна тартылды


Ош шаардык соту депутат Шайлообек Атазовду Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренеси боюнча "бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган" деп айыптап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Буга байланыштуу Шайлообек Атазов кыргыз элине кайрылуу жолдоп, бул чечимге каршылыгын жана өзүнө тагылгын айыптар менен макул эместигин билдирген. Кайрылуу ээси ошондой эле соттун чечими Ош шаарынын мэрин шайлоо алдында шаар жетекчиси Мелис Мырзакматовду колдогон «Улуттар биримдиги» партиясынын Ош шаардык кеӊешиндеги депутаттарына жогорку бийликтин жасаган саясий кысымы деп белгилеген.

Шайлообек Атазов мурда Ош шаардык автотоктотуучу дирекциясын, «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасын жетектеген. Учурда Ош шаардык транспорт агенттигинин башчысы, 2012-жылы Ош шаардык кеңешине “Улуттар биримдиги” партиясы аркылуу депутат болуп шайланган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG