Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

Кар көчкү баскан Каракол - Эңилчек жолу кайра ачылды


Көлдүн Ак-Суу районунда Каракол - Эңилчек унаа жолунун кар көчкү баскан жери кайра ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, кечээ түшкө маал аталган унаа жолдун 75-чакырымына жалпы көлөмү 300 м³ кар көчкү түшкөн. Тиешелүү техника тартылып, жол толугу менен тазаланып бүттү. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG