Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

Бишкекте 13 миң майып жашайт


Бишкек шаарында бүгүнкү күндө 12 миң 700 майып жашайт. Алардын үч миңдейи азиздер жана дүлөйлөр, алты миңге жакыны оорунун айынан майып болгондор, калгандары тубаса майыптар, согуштан жараат алгандар жана Чернобыл авариясынын кесепетин жоюуга катышкандар. Мындай маалыматты бүгүн шаардык мэрия таратты. Эртең, 3-декабр - Майыптар күнүнө карата Бишкекте жыйын өтүп, түрдүү топтогу майыптар арасында уюштурулган спорт жана чыгармачыл таймаштардын жыйынтыгы чыгарылат. Жеңүүчүлөргө белектер тапшырылат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG