Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Жалал-Абадда нааразылар жөө жүрүш жасады


Бүгүн Жалал-Абадда "Ата-Журт" партиясынын тарапкерлери соттун чечимине нааразы болуп, жөө жүрүш жасады. Акцияга 80ге жакын киши катышты.
Ушул жылдын 31-майында Жалал-Абадда Кумтөр жана камалган депутаттар боюнча нааразылык акцияга чыккандар облустук акимчиликке кирип барган. Митингчилер Медербек Үсөновду “элдик губернатор” деп жарыялап алган.

Жалал-Абад шаардык соту 6-ноябрда "Ата-Журт" партиясынын төрт мүчөсүнө карата өкүм чыгарган. Медер Үсөнов менен Жеңишбек Токторбаевди прокурор 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүүнү сураган, бирок сот аларды 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Ал эми Шайырбек Ташиев менен Абсатар Сыргабаевге мамлекеттик айыптоо 9 жылдан сурап, сот 4 жылга шарттуу түрдө кескен.

Алар бийликти күч менен басып алган, башаламандык уюштурган деп күнөөлөнгөн. Соттолуучулар 31-майда облбийлик имаратын курал-жарак менен ээлеп алуу болбогондугун билдиришкен болчу.

Шаардык соттун чечимине макул болбогон прокуратура облустук сотко кайрылган болчу. Бүгүн облустук соттук коллегиянын отуруму болот деп, бирок 6-декабрга калды. Ошого байланыштуу соттолгондордун тарапкерлери соттон акимчиликке, кайра акимчиликтен сотко жөө жүрүш жасады.(YA\RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG