Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

ӨКМ: Тоодогу жолдорго кар көчкү түшүшү ыктымал


2-4-декабрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы зарыл. (RK)

XS
SM
MD
LG