Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:22

Таиланд өкмөт башчысы отставка талабын четке какты


Таиланддын премьер-министри Йинглак Чинават кызматынан кетүү талабын четке какты. Өкмөткө каршы нааразылык акцияларынын лидери Сутхеп Тхеуксубан жекшембиде ага отставка тууралуу шарт койгон. Премьер бул талапты антиконституциялык деп атап, оппозиция менен сүйлөшүү жолун табууга аракеттенээрин билдирди.

Борбор калаа Бангкокто өткөн дем алыш күндөрү болгон демонстрациялар зомбулук менен коштолгон. Оппозициянын бир катар өкмөттүк имараттарды ээлөө аракеттерине полиция жаш агызчу газ, суу атмалар менен желим окторду колдонуп жооп кайтарды. Ишембиде өкмөттүн жактоочулары менен каршылаштары кагылышканда 3 киши набыт кетип, жүздөн көбү жарадар болгон.

Оппозиция премьер айым агасы, 2006-жылкы аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында өкмөт башчылыктан кулатылган Таксин Чинаваттын кол баласына айланып калганына нааразы болушууда. 2 жылдан кийин жемкордук үчүн айыпталган Таксин өз каалоосу менен сүргүндө жашап келатат. Бирок карындашы жетектеген өкмөткө таасири өтө күчтүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG