Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Бин Ладенди кармоого жардамдашкан доктур укугу сакталышын талап кылууда


"Ал-Кайиданын" ана башы Усама бин Ладенди колго түшүрүүгө көмөктөшкөн пакистандык доктур түрмөдөгү шарттардын жакшыртууну суранды. Пешавардагы түрмөдө отурган Шакил Африди адвокаты жана жакындары менен жолугушуп туруу уруксатын алууну көздөп жатат. Ал ошондой эле өз коопсуздугу үчүн камтамасын билдирди. Африди 2011-жылдын май айында АКШнын атайын күчтөрү бин Ладенди өлтүргөндө камакка алынган. Дарыгер тыюу салынган Лашкар-и-Ислам тобуна киргендиги үчүн былтыр 33 жылга абакка кесилген. Ал өзү айыптоолорду четке кагууда. Анын өкүмү ушул августта жокко чыгарылып, жаңы процесс өткөрүү буйругу берилген.

XS
SM
MD
LG