Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Ош: Митингчилердин көбү тарап кетти


Ошто Келдибековдун бошотулушун талап кылып чыккан митингчилердин көбү тарап кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчынын орун басары Мухтар Кожошев билдирди. Анын айтымында, ушу тапта аянтта 500дөй киши калды:

- Тарашты. Аз эле адам калды. 500дөй. Үч боз үй тигип жатышат. Үч күндүк мөөнөт беришти. Алардын талабы - Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу.

Мамлекеттин чөнтөгүнө кол салып, 30 миллион сом зыян келтирген деген шек менен камалган Акматбек Келдибеков учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Оппозициядагы "Ата-Журт" фракциясынан депутат Келдибеков бул айыпты негизсиз деп атоодо. Бишкектин Октябр райондук соту аны 19-январга чейин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. Бүгүн шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырып, адвокаттардын аны үй камагына бошотуу өтүнүчүн канааттандырбай койду. Келдибековдун тарапкерлери Оштун борбордук аянтына чыкты. Акциянын уюштуруучулары 10 миң киши чогулганын, ал эми көз каранды эмес байкоочулар 4-5 миң киши болгонун айтты. Милиция болсо 2 миңдин тегерегинде киши катышканын билдирди. Кабарчыбыздын айтымында, эки жолу облустук акимиатка кирүү аракети жасалды. Бирок күч түзүмдөрү ага жол берген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG