Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Арменияда Путинди демонстрация менен тосуп алышты


Ереванда Орусиянын президенти Владимир Путиндин визити башталган учурда жүздөгөн эл өкмөттүн Бажы биримдигине кошулуу чечимине нааразылыгын билдирип демонстрацияга чыкты.

Алар «Орусия токто!», «Путин, үйүңө кайт!» деген плакаттарды кармап алышкан. Полиция өкмөт үйүнө карай агылган митингчилерди күч менен токтотуп калды. Ереванда Орусияга каршы бир топ активисттер жөө жүрүшкө чейин эле камалган эле. Путин Гюмри шаарындагы орус аскерий базасында болуп, кийинчерээк баш калаада президент Серж Саргсян менен Бажы биримдигинин ишин талкууламакчы.

Сентябрда президент Саркисян Орусия жетектеген биримдикке кошулуу пландарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG