Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Украина: өкмөттүк имараттар курчоого алынды


Украин премьер-министри Микола Азаров Киевде жана башка аймактарда өтүп жаткан митингдерди “мамлекеттик төңкөрүштүн белгиси” деп айтты. Ал украин өкмөтү оппозиция Киевдеги парламенттин имаратын ээлеп аларын мурунтан эле билгенин кошумчалады. Премьер-министр минтип дүйшөмбүдө демонстранттар бир катар өкмөттүк имараттарга баруучу жолдорду бууп салгандан кийин айтты. Орусия президенти Владимир Путин дүйшөмбүдө Ереванда сүйлөгөн сөзүндө Киевде өтүп жаткан нааразылык акциялары “ыңкылапка караганда көбүрөөк кыйратууга” окшоп жатканын билдирди. Вашингтондо болсо “тынч митингдерден төңкөрүштүн аракеттери байкалбаганын” айтууда. Ак үйдүн өкүлү Джей Карни:

- Биз Украин элинин Европа демократиясына умтулуусун колдоону улантабыз. Европага кошулуу –Украинадагы демократиянын бекемделүүсүнө жана экономиканын өсүшүнө жеткирүүчү күч, -деп айтты.

Бир нече күн мурун Украина жетекчилиги Евробиримдик менен келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин өлкөдө нааразылык акциялары күчөдү. Оппозиция жалпы улуттук иш таштоо жарыялады. Каршылык көргөзүү штабдары бардык облустарда түзүлдү. Борбор шаарга жер-жерлерден активисттер келе баштады. Кечээ Киевдеги Эгемендик аянтына, ар кандай маалыматтарга караганда, 500 миңдей киши чыкты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG