Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Унаа кырсыгында бир адам набыт кетти


Бишкектин четинде унаа кырсыгында бир адам набыт кетти. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Окуя кечээ түшкө маал Бишкектен көлдү көздөй кетчү жолдо, Бишкек - Торугарт унаа жолунун 75-чакырымында болгон. BMW жеңил унаасы катуу ылдамдыкта баратып бакты сүзгөн. Айдоочусу ошол жерден жан берген. (RK)

XS
SM
MD
LG