Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

Сарууда митинг өтүүдө


Жети-Өгүздүн Саруу айылында митинг өтүүдө. "Кумтөр - эл байлыгы" мөөнөтсүз митингинин уюштуруучусу Замир Миңдибаевдин "Азаттыкка" айтымында, акцияга 1000дей киши катышууда. Бирок облустук милициянын маалыматы боюнча, чогулгандардын саны 150-200дөн ашпайт. Нааразылык акциясынын катышуучулары Кумтөр боюнча "Кыргыз эл биримдиги" координациялык кеңешин түзүштү. Анын төрагасы болуп оппозициялык "Чындык" саясый партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыров дайындалды. (MK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG