Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Укук коргоочулар: Бийлик эл коопсуздугун камсыздай албай жатат


Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши Бишкектеги Орус драма театрынын актрисасынын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу билдирүү таратты. Анда "тартип коргоо органдары жана бийлик жарандардын коопсуздугун камсыз кыла албай жатат, буга реформанын жоктугу себеп" деген пикир айтылган. 30-ноябрга караган түнү Бишкекте Орус драма театрынын актрисасы Оксана Гоголь киши колдуу болгон. Милициянын айтымында, ага белгисиз бирөөлөр спектаклдин премьерасынан кийин үйүнө кетип баратканда кол салган. Алган жараатынан эсине келе албай, актриса ооруканадан көз жумган. Бүгүн бул кылмышка шектүү деп мурда соттолгон бир киши кармалганын милиция маалымдады. (RK)
XS
SM
MD
LG