Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

ИИМ: Оштогу митинг учурунда 14 милиционер жабыркаган


Ошто 2-декабрда Келдибековдун тарапкерлери өткөргөн митинг учурунда жабыркаган милиция кызматкерлеринин саны 14кө жетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Мурдараак 9 милиционер жабыркаганы айтылган болчу.

Кечээ, 2-декабрда Оштун борбордук аянтында митинг өттү. Көз каранды эмес байкоочулардын айтымында, ага 4-5 миңдей киши катышты. Алар оппозициячыл депутат Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылды. Милициянын маалыматында, акция учурунда эки жолу акимчиликти басып алуу аракети жасалып, имаратты кайтарып турган милиция кызматкерлерине таш ыргытылган.

Келдибеков 20-ноябрда коррупцияга шектелип камалган. Өзү бул айыпты негизсиз деп атоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG